Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-декабрындагы № 80
КР бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын он бир айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Ак-Жар айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып Ак-Жар айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айылдык кеңеши 2023-жылдын он бир айдын жыйынтыгы менен киреше салыгынан кошумча тушкон 1000,0 миң сомго турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнө 3111 беренесинин пайдалануусуна план жеткирилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жеригиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 1000,0 миң сом кошумча план алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнун ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |