Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XIV сессиясынын

 

2023-жылдын 27-декабрындагы № 82

 

«Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнундө”

Ак-Жар айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл аймагынын башчысы К. Максутовтун 12- декабрь 2023- жылдагы сунуш катын угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы “ Айзирке- Нуру” балдар бакчасынын жетекчиси Абдукаримова Арууке Канаевнага Ак- жар айыл аймагынын башчысы К. Максутовтун 12- декабрь 2023- жылдагы “Ардактуу атуулу” наамын берүү сунушу бекитилсин.

 

2. Абдукаримова Арууке Канаевна “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.

3. Абдукаримова Арууке Канаевнага Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.

 

4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Турдали уулу К.