АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XIV сессиясынын
2023-жылдын 27-декабрындагы № 83
«Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнундө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат-сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылындагы “Кушубак” балдар бакчасынын кесиптик бирлик уюмунун 27-декабрь 2023- жылдагы чогулушунун № 4-протоколун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак- Жар айылындагы “Кушубак” балдар бакчасынын жетекчиси Жүсүпова Айгүл Жантөрөевнага “Кушубак” балдар бакчасынын кесиптик бирлик уюмунун 27- декабрь 2023- жылдагы чогулушунун № 4-протоколунун “Ардактуу атуулу” наамын берүү сунушу бекитилсин.
2. Жүсүпова Айгүл Жантөрөевна “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.
3. Жүсүпова Айгүл Жантөрөевнага Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |