АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 5-октябрындагы № 73
“Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрү жөнүндө”
Айылдык кеңеш мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен дайындалган 2023- жылдын 15- декабрында өтүүчү Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруулучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык 5 адамдан бекитилсин (тиркеме тиркелет 1 барак).
2. Ак-Жар айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындын курамы калктын санына ылайык 50 делегаттан тураары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында өкүл шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 23-октябрга чейин №2 тиркемеге ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.(Тиркеме тиркелет 1 барак)
4. Ак-Жар айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйын 2023-жылдын 18-ноябрына саат 10:00 гө чакырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “ мыйзамдуулук адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |
|
| Тиркеме № 1 |
ӨЗГӨН РАЙОНУ АК-ЖАР АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
29-сентябрь, 2023-жыл № 62
Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө
Ак-Жар айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү максатында айылдык кеңешинин төрагасынын макулдашуусу менен
Буйрук кылат
1. Айыл өкмөтүндө өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Турдали у К. – Ак-Жар АК төрагасы, жумушчу топтун төргасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Т.Бубаев – Семиз-Көл айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун катчысы.
Т.Мадоморов – Ак-Жар айылынын айыл башчысы.
Т.Дүмүров - Какыр айылынын айыл башчысы.
Д.Жолдошев – Большевик айылынын айыл башчысы.
2. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнун жетекчилигинде жана жооптуу катчыда болот.
Башчы: |
| К.Максутов |
| Тиркеме № 2 Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5- октябрындагы №73 токтому менен бекитилген |
Ак-Жар айыл өкмөтүндө жергиликтүү жамаатарынын өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
Графиги
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Ак-Жар а. С.Султанов ат. маданият үйү |
18.10.23 |
14:00 |
2225 |
14 | Э.Суюнбоев- трага С.Жаныбаева- катчы А.Калымбетов З.Кадыралиева М.Бошотоев |
2 | Большевик а. С.Айдаров ат. маданият үйү |
19.10.23 |
14:00 |
3615 |
18 | А.Абдукеримова- Төрайым К.Маматов-катчы А.Султанов Н.Жусупова А.Борубаева К.Бусурманкулов М.Жолдошев З.Карабаев |
3 | Какыр а. Ж.Жусупакматов ат. мад. үйү |
17.10.23 |
11:00 |
1849 |
11 | З.Кадырбеков- төрага К.Ассакунова- катчы Б.Шерматов Г.Ажиева |
4 | Семиз-Көл а. Ж.Анашов ат. маданият үйү |
20.10.23 |
14:00 |
1211 |
7 | Ө.Алишеров- төрага З.Турдуманбетов- катчы А.Момбекова
|
5 | Бардыгы |
|
|
| 50 |
|
6 | Өкүлчүлүктүү жыйындын өткөрүлүүчү орду. Какыр а. Ж.Жусупакматов ат. мад. Үйү. |
18-11-23 |
11:00 |
|
|
Турдали уулу К- төрага. Т.Бубаев- катчы. |