Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 620
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын инвентаризациялоонун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 568 "Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 243 "Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-мартындагы № 136 "Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерди бекитүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 101 "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн темир жолдорду долбоорлоодо жана курууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 190 "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу тепловоздор үчүн дизелдик отунду мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |