Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-февралы № 14-1
Кичилогистикалык борборду ижарага берүү шарттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 15-беренесине, Жер кодексинин 5-беренесине, айылдык кеңештин 2021-жылдын 3-декабрындагы №6-1 “Айыл аймактагы муниципалдык менчик объектилерин ижарага берүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү” токтомуна ылайык жана Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн кичилогистиканы ижарага берүү боюнча конкурстук комиссиясынын 2022-жылдын 7-октябрындагы протоколунун негизинде айылдык кеңештин жер маселелери, мыйзам жана укук маселелери жана бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айылында жайгашкан кичилогистикалык борборду ижарага берүү боюнча жарыяланган эки жолку конкурска бир да талапкер катышпагандыктан, жобонун 7-пунктуна ылайык инвесторлор менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу инвестор тартып, кызыкдар инвесторго түз берүү жолу менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Түз берүү жолу аркылуу ижарага берилген учурда биринчи жолку келишим менен 5 жылга, андан кийин ижарачы келишимдин шарттарын толугу менен аткарган учурда 20 жылга узартууга макулдук берилсин.
3. Түз берүү жолу аркылуу ижарага берүүдө төмөндөгү шарттар бекитилсин:
1) Имараттын максаттуу багытын сөзсүз сактоо;
2) Ижарачы имаратты капиталдык оңдоо үчүн өзүнүн амортизациялык эсебине жылына 110 000 сом чогултуу;
3) Күнүмдүк ремонт иштерин ижарачы өз алдынча аткаруу;
4) Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө жаңы технологияларды колдонуу;
5) Көп сандагы дыйкандардын, багбандардын жана жалпы эле жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүүгө зор салым кошуу;
6) 10 дон кем эмес туруктуу жаңы жумуш орун түзүү;
7) Имаратты багытына жараша жабдыктар менен жабдуу;
8) Өздүк салымы же тике инвестиция 500 000 сомдон кем эмес болушу;
9) Салык жана соцфонд төлөмдөрүнөн карыз жоктугу
4. Түз берүү жолу менен ижарага берүү шарттарын толугу менен аткарууга жана жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү жогору болгон чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга имаратты ижарага берүүгө макулдук берилсин.
5. Ижара акысын мыйзам чегинде белгилөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына (jergetal.kg) жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасы |
| К.А.Мураталиев |