Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-марты № 137
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 "Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 "Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жободо:
- 1, 5, 8, 9, 11-пункттарда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Жарандык коргонуу боюнча комиссия бардык деңгээлдерде, тармактарда жана объекттерде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү координациялык орган болуп саналат.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чаралардын аткарылышын контролдоо, жабыркаган имараттардын жана курулмалардын техникалык абалын баалоо, аларды эсепке алууну жүргүзүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын натыйжасындагы материалдык чыгымдарды эсептөө, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен каза болгон адамдарды көмүү, өлгөн жаныбарлардын тарпын табуу жана көмүү боюнча иштерди координациялоо;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар бардык деңгээлдерде, тармактарда жана объекттерде төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- күнүмдүк иш режиминде - комиссиялардын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жыйналыштарда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин отчетторун угуу, кооптуу участокторду, объекттерди изилдөөнү уюштуруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди координациялоо, пландоо жана аткаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон финансылык жана материалдык ресурстарды түзүүнү жана пайдаланууну контролдоо;
- жогорулатылган даярдык режиминде - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө калкка кабарлоону уюштурууну координациялоо, айлана-чөйрөгө, аба ырайына байкоо жүргүзүү, Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү, экономика объекттеринин туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу, тынчтык мезгилге карата Жарандык коргонуу планында каралган башка иш-чараларды аткаруу;
- өзгөчө кырдаалдар режиминде - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы жөнүндө калкка кабарлоону уюштурууну координациялоо, өзгөчө кырдаалдар зонасында авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнү уюштуруу, жабыр тарткан калкты ар тараптуу камсыздоону уюштуруу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жана тынчтык мезгилге карата Жарандык коргонуу планында каралган башка иш-чараларды аткаруу.";
- 8-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жыйналыштарда Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө облустардын, Бишкек, Ош шаарларынын жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын, мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, тиешелүү деңгээлдеги комиссиялардын Жарандык коргонуу кызматтарынын маалыматтарын угуу жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1, 8-2-пункттар менен толукталсын:
"8-1. Комиссия өз ишин бекитилген жылдык пландын негизинде жүргүзөт.
Комиссия кезектеги жыйналышты кварталына бир жолу өткөрөт, ал эми кезексиз жыйналыштар өзгөчө кырдаалдар коркунучунда же келип чыккан учурда тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысынын чечими боюнча өткөрүлөт.
8-2. Комиссиянын жыйналышында каралган маселелер боюнча протокол түзүлөт, анын аткарылышы катуу көзөмөлгө алынат.
Кооптуу табигый процесстерге жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча керектүү адистерди тартуу менен коргоо иш-чараларын өткөрүү жөнүндө акт түзүлөт жана тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан бекитилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 24 (3577) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |