Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-апрели № 151
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 536 "Муниципалдык менчикке объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик зайымдык каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 536 "Муниципалдык менчикке объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Оргочор" мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы ушул токтом күчүнө кирген датага карата түзүлгөн карызынын калдыгын жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөө;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |