Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-апрели № 149
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча жободо:
- 1.3-пунктта "Үрөндөрдү сертификаттоону үрөндүк жана себүүчү материалдарды инспекциялоочу жана апробациялоочу (сыноочу) атайын ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. Милдеттүү сертификаттоого тийиш болгон дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн тизмеси ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт.";
- 3.1.2-пунктта, 3.1.4-пункттун "д" пунктчасында, 3.2.2, 6.1-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоо боюнча Мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган", "үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган", "үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырган орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.1, 4.2, 4.5, 4.6, 4.7-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү "үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7.1. Расмий текшерүү үчүн үрөндүн сынамыктарын алуу ыйгарым укуктуу органдын өкүлү тарабынан жүргүзүлөт.";
- 8.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8.2. Үрөн салынган таңгак сынамыктарды тандап алуу учурунда пломбаланууга, ал эми таңгактын ичиндегиси ушул Жобонун 9-бөлүмүнүн жазма буйруктарына ылайык сынамыктарды тандап алууга ыйгарым укуктуу органдын өкүлү тарабынан маркаланууга тийиш.";
- 8.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8.5. Эгерде үрөн салынган таңгак пломбаланса жана андан кийин ачылса, анда кайталап пломбалоону ыйгарым укуктуу органдын адамы гана аткара алат.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
"Ыйгарым укуктуу орган" деген түшүнүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу орган
Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоону, сортторду сыноону жана каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында көп жылдык буурчак сымал тоют чөптөрдүн үрөндөрүнүн шайкештигине баалоо жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясы (мындан ары - РМҮИ)" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-главанын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо боюнча мамлекеттик комиссияда" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6, 11, 12-пункттарда, 17-пункттун "а" пунктчасында, 19-пункттун "а" пунктчасында "РМҮИ" деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттун биринчи абзацында, 14-пункттун биринчи абзацында, 29, 31, 32-пункттарда "РМҮИ" деген аббревиатура "Ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ыйгарым укуктуу орган үрөндүн бүтүндөй партиясына, ошондой эле анын бөлүгүнө шайкештик жөнүндө документти алып коюуга укуктуу.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Жапаров |