БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясы
2024-жылдын 7-марты № 119
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Убактылуу жобосун бекитүү жана Бирлик айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жан шаарынын дээңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргузүү жөнүндө” № 370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында айылдык кеңештин иши жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” № 24 Жарлыгын аткарууга алуу максатында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Типтүү убактылуу Жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 6- мартындагы № 01-25/77 буйругунун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин. ( Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө убактылуу Жобо тиркелет)
2. “Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси Баткен облустук юстиция башкармалыгынан юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. “ Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесин юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүнү ишке ашыруу Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Б.Орунбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөо жагын өзүмө калтырам.
5. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын – ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын ырасталат.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Каламов |
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын
№ 119- токтому менен бекитилген .
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН УБАКТЫЛУУ
ТИПТҮҮ ЖОБОСУ.
I.Жалпы жоболор
1.Айылдык Кеңештин ушул убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик катоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчсүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
2.Айылдык кеңеш – өз ишин коолегиялык негизде жүзөгө ашырган , пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик – аймактык реформа мезгилинде Бирлик аайыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан турган, Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүгүнүн органы.
3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши”
Расмий тилде: “Айылный кеңеш Бирликского айылного аймака”
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Ормош айылы, № 5- көчө, № 1- үй.
4. 4. Айылдык кеңеш өз ишине Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалисттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
II.Айылдык кеңештин ишинин кукутук жана уюштуруучулук негиздери.
6. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук укутук формасы – сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Айылдык кеңештин компетенциясы айылдык кеңештин төрагасынын, жана аныны орун басарынын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укутары жана милдеттери айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык- аймактык формаларды реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз республикасынын президенти 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик- аймактык реформаныны алкагында жергиликтүу кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жободо аныкталган.
III.Айылдык кеңештин чечимдери
8. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык Кенештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Айылдык кеңештердин ченемдик-укутук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары – буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүу аймакта милдетүү юридикалык күчкө ээ.
Айылдык кеңештердин ченемдик-укутук актылары “ Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса , алар кабыл алынгган күндөн тарта күчүнө кирет.
10 Айылдык кеңештин төрагасыенын ыйгарым укутарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары эгерде актылардын өздөрүндө башкача каралбаса алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы, же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
IV.Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик.
12.Айылдык кенештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13.Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
V.Корутунду жоболор.
14. Айылдык кеңештин ыйгарым укутары мөонөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Айылдык кеңештин мөонөтүнөн мурда таратылган учурларда мүлктүк жана документтердин сакталышы үчун жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук Архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: С.Каламов