Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 13-марты ПЖ № 68
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасында ипотекалык кредит берүү механизмин жакшыртуу, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин, аскер кызматчыларды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ипотекалык кредит берүү аркылуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) акциялардын мамлекеттик үлүшү 100% болгон "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобого ушул Жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдин долбоорун кароого киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 21 (3574) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |