Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 28-чакырылышынын  уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралындагы № 2           

 

Барскоон жергиликтүү кенешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын  39-беренесине ылайык жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:

1.Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенеши кабыл алган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана жүргүзүлсүн.

2.Жергиликтүү кеӊештин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жагын катуу көзөмөлгө алуу жагы жергиликтүү кеӊештин жооптуу катчысына тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кеӊешинин төрагасынын орун басары Г.Эсенбаевага тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                                             М.Ибаков