Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын  жергиликтүү кенешинин депутаттарынын

кезексиз 2- сессиясынын

 

2024-жылдын 25-мартындагы № 5

                                                                                   

“Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү”

мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-август айындагы №318 тескемеси жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-август айындагы №02-28/2319 каты жөнүндө” токтомуна ылайык

 

т о к т о м   к ы л а т :

 

  1.”Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде эки айыл өкмөтү (Барскоон, Тамга) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн «Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы-мекеме.

2. Айыл өкмөтүнүн толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде:Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси;

-Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмоту айылного аймака Барскоон”;

Айыл өкмөтүнүн кыскартылган фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде:Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү” м-и;

-Расмий тилде: У-е “Айыл окмоту айылного аймака Барскоон”;

2.1. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Искак Малаев көчөсү № 115 болуп аныкталсын.

3. “Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу жаны редакцияда бекитилсин.

4. Барскоон жана Тамга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өткөрүп берүү актылары бекитилсин.

5. “Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин уюштуруучусу болуп “Барскоон жергиликтүү кеӊеши” мекемеси эсептелсин. Юридикалык күбөлүгүнүн каттоо № 300975-3302-У-е, ИУЖКнын коду: 32663759 ИСН: 01903202410372 дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Искак Малаев көчөсү № 115

6. “Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесин Ысык-Көл областтык Юстиция мамлекеттик башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Н.Сыдыковага милдеттендирилсин.

Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимди андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.

 

Төрага                                                                                                               М.Ибаков