БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясынын
2023-жылдын 29-декабры №8
“Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын С.Рахманов жана Карача айылынын Ж.Адишов көчөлөрүнө асфальт бастырууга макулдук берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылынын С.Рахманов жана карача айылынын Ж.Адишов көчөлөрүнө асфальт басууга даярдалган жалпы наркы 6 259 591 сомду түзгөн долбоору жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Баймундуз айылынын С.Рахманов жана Карача айылынын Ж.Адишов көчөлөрүнө асфальт басууга даярдалган долбоору жактырылсын.
2. Базар-Коргон өнүктүрүү фондуна долборунан 5 559 591 сом акча каражаты суралсын.
3. Өздүк салымга керектелүүчү 700 000 сом акча каражаты 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Чолпонбаев |