Загрузка документа…
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-февралындагы № 9
Жер тилкени айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Кадастр мекемесинин Каракол-Ак-Суу филиалынын маалыматынын негизинде бүгүнкү күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу “Объектилерди башкаруу” дирекциясына катталып турган, мурдагы бузулуп кеткен малды бордоп семиртүүчү комплекстин астындагы 42,0 га жерди жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө зарыл болгондуктан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу маселесин карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, айылдык кеӊештин депутаттары токтом кылат:
1. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу “Объектилерди башкаруу” дирекциясына катталып турган мурдагы бузулуп кеткен малды бордоп семиртүүчү комплекстин астындагы 42,0 га жерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 42,0 га жерди өткөрүп алуу боюнча тийиштүү иш-кагаздарын тиешелүү мекемелерден бүтүрүп иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Жумушев Р.О. |