Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясынын

2023-жылдын 29-декабры № 5

“Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын дайындоо жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясы, Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарынын 6-декабрдагы арызын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары өз каалоосу менен орун басар кызматынан бошотулсун.

2.              Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Маматкалил кызы Бактыгүл дайындалсын.

3.              Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Бешик-Жон айылдык

кеңешинин төрагасы: А.Чолпонбаев