Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Кезектеги XXX III сессиясынын

2023-жылдын 29-декабры № 1

“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга аткарылышы жана 2024-жылдын сметасын бекитүү жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин отчету жана 2024-жылдын сметасын бекитүү жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнүн башкы бухгалтери Н.Олжобаеванын сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюждетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.

2.              Айыл өкмөттүн бюджети 2024-жыл үчүн бекитилген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын негизинде каралсын. 2024-жылга киреше бөлүгү 28 075,2 анын ичинен атайын каражатка 3500,0 миң сомго бекитилсин.

3.              2024-жылы Республикалык бюжетинен жергиликтүү бюджетине берилүүчү теңдөөчү гранттар 9551,7 миң сомго бекитилсин жана биринчи орунда корголгон беренелерге, комуналдык чыгымдарга жана тамак-аш беренелерине жумшалсын .

4.              Бюджет кодексинин 24-беренесине ылайык резервтик фондко 245,0 миң сом каралсын.

5.              Жаратылыштагы күтүүсүз табигый кырсыктары үчүн 200,0 миң сом акча каражаты каралсын.

6.              Ушул сессиянын чечими менен 2024-жылга бекитилген бюджеттин суммасынын чегинде КР бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн сунуш берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысына тапшырылсын.

7.              Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык пландан ашыкча кирешелердин көлөмү аныкталуусу эскертилип жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган каражаттарды каржы министрлиги тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, сессиянын чечими менен чыгымдоо каралсын.

8.              Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн үч айылында бирден айыл башчы бекитилсин.

9.              Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аскерге милдеттүүлөрдүн саны үч миңден ашык болгондугуна байланыштуу айыл өкмөт боюнча 4 ВУС инспектору оруну бекитилсин.

10.           Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү салыктарды өндүрүү салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.

11.           Атайын каражаттар эсебинин киреше бөлүгүндөгү балдар бакчасына барган балдардын ата-энелеринен түшкөн акча каражаты сметага негиз тамак-аш сатып алууга гана жумшалсын.

12.           Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

13.           Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

14.           Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 А.Чолпонбаев.