Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХV-сессиясы

 

2024-жылдын 28-мартыы № 121

                           

 Шараев Курсандын арызы жөнүндө

 

           Исхак-Полотхан  айылдык кеңешинин  кезексиз  отуз бешинчи сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Чекелик айылында жайгашкан 8-02-1510070082 код менен катталган  Шараев Курсан  жашап жаткан турак жайды Шараев Курсандын арызына негиз  мыйзамдаштырып берүү айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго ) сунушталсын. 

 

  1. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго)  милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер,   муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу

комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

 

Төраганын м.а.

Камилжанов Э.Ш