Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХV-сессиясы

 

2024-жылдын 28-мартыы № 122

Канда БСР нин аймагын кеңейтүү жөнүндө

 

           Исхак-Полотхан  айылдык кеңешинин  кезексиз  отуз бешинчи сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Шады айылындагы Канда БСР нин аймагын кеңейтүү  үчүн жумушчу проектин негизинде  талап кылынган  таштак жайыт жер аянтынын  багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Шады-Эргенек каналынын долбоорун ишке ашыруу, суу сактагычтын жайгашуучу жерин Кызыл-Кыр участкасына жылдыруу, Шады жана Таш-Дөбө  айылдарынын  жашоочуларынын коопсуздугун сактоо боюнча чараларды көрүү боюнча иш алып баруу жана токтомду аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.

 

  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер,      муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу

комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

 

                           

 

Төраганын м.а.

Камилжанов Э.Ш