Загрузка документа…
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 31-мартындагы № 15
Жер тилкени айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Кадастр мекемесинин Каракол-Ак-Суу филиалынын маалыматынын негизинде бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар Министрлигинин Физкультура жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясында көмөкчү чарба катары берилип, пайдаланылбай келген 67,0 га жерди жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө зарыл болгондуктан айыл өкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине өткөрүп алуу маселесин карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, айылдык кеӊештин депутаттары токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар Министрлигинин Физкультура жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясына көмөкчү чарба катары берилген 67,0 га жерди айыл өкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине 67,0 га жерди өткөрүп алуу боюнча тийиштүү иш-кагаздарын тиешелүү мекемелерден бүтүрүп иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Жумушев Р.О. |