Загрузка документа…
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 31-мартындагы № 11
Тегизчил айылынын генпланына өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө
Тегизчил айылынын тургундарынын айылдын Генпланында Соно жана Ж.Атыгаев көчөлөрүнүн ортосунан кесилүүчү көчө түшүп, бирок ал жол өтчү жерлерде үйлөр, чарба курулуштары салынып калгандыгына жана бүгүнкү күнү ал жолго муктаждык жоктугуна байланыштуу генпланга өзгөртүү киргизип, жолду жокко чыгарып берүү тууралуу арызын карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 1- жана 6-пункттарына, 18-беренесинин 3-пунктуна таянып айылдык кеӊештин депутаттары токтом кылат:
1. Тегизчил айылынын күн батыш тарабындагы Соно жана Ж.Атыгаев көчөлөрү менен кесилишчү туура жолду жокко чыгарылсын.
2. Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан Тегизчил айылынын күн батыш тарабындагы Соно жана Ж.Атыгаев көчөлөрү менен кесилишчү туура жолду жокко чыгарып, айылдын генпланына өзгөртүү киргизип берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Жумушев Р.О. |