ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15-марты № 01-5/9
Военно-Антоновка айыл аймагынын Военно-Антоновка айылын кайра атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана 1997-жылдын 25-сентябры № 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Военно-Антоновка айылында 2024—жылдын 14-мартында болуп өткөн жыйында Военно-Антоновка айылын жана Военно-Антоновка айыл аймагынын атын өзгөртүп, “Кожомкул” айылы жана “Кожомкул” айыл аймагы деп атоо боюнча айыл аксакалдарынын демилгесин айыл тургундары бир добуштан колдоого алган №6 протоколун карап, талкуулап,
Военно-Антоновка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Военно-Антоновка айыл аймагынын Военно-Антоновка айылы “Кожомкул” айыл аймагынын «Кожомкул» айылы деп аталсын.
2. Военно-Антоновка айыл өкмөтү айыл аймагынын жана айылдын атын кайра атоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш алып барсын.
3. Айыл аймагынын жана айылдын атын кайра атоого кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айылдык кеңешинин төрагасы – У.М.Мураталиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| У. М. Мураталиев |