ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштын 13 (кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 10-май № 20
Гавриловка айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты А.М. Молдоканованын 2023-жылдын 10-майында жазган арызынын негизинде «Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын» курамына киргизүү жөнүндө Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасы А.Т. Ибраимовдун маалыматын угуп жана таалкулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдоканова Анара Михайловна - Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилип бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Т. Ибраимов |