КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2023-жылдын 25-октябрындагы № 1
“Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Көк-Арт дарыясына плотина жана чакан ГЭС куруу үчүн “Көк-Арт Гидро” ЖЧКсына берилген 11,06га жер аянтынын ижара акысын бекитүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы, Кыргыз Республиикасынын Министрлер Кабинетинин Курманбек айыл аймагынын Көк-Арт дарыясына плотина жана ГЭС куруу үчүн 11,06га жерди 49(кырк тогуз) жылга ижарага берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 519-т тескемесин жана Курманбек айыл өкмөтүнун башчысынын берген 11,06га жердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун Курманбек айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнун аймагындагы Көк-Арт дарыясына плотина жана ГЭС куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан “Көк-Арт Гидро” ЖЧКсына 49 (кырк тогуз) жылга берилген 11,06 га жер 1 (бир) жылына 1 (бир) га жер үчун 10 000 (он миң) сом өчөмүндө бекитилсин;
2. Эгерде плотина жана ГЭС курууда же пайдаланууда адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирсе, чарбалык обьектилерге же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу байкалса пайдаланууга чектөө киргизүү жагы Курманбек айылдык кеңешине жүктөлсүн.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Биримкулов |