Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 24-ноябры № 626

2023-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол өткөрмө пункттарынын районунда индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол өткөрмө пункттарынын районунда индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казак тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

                Төрагасы

 

А.У.Жапаров