Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 626 токтому менен бектилген

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол өткөрмө пункттарынын районунда индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Астана шаары, 2023-жылдын 9-июну

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып,

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы Бешинчи жыйналышынын № 3 чечимине жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Казакстан Республикасынын Соода жана интеграциялар министрлиги тарабынан 2021-жылдын 7-декабрында бекитилген "Карасу" жана "Ак-Тилек" автожол өткөрмө пункттарынын районунда индустриалдык соода-логистикалык комплексин (мындан ары - ИСЛК) түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планынын 8-пунктуна ылайык,

соода чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана түзүлүп жаткан соода-өнөр жай жана логистикалык аянтчаларды орнотуу жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу үчүн олуттуу потенциалдын бар экендигин белгилеп,

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Казакстан Республикасынын Соода жана интеграциялар министрлиги тарабынан 2021-жылдын 20-августунда кол коюлган Индустриалдык соода-логистикалык комплекстерин түзүү жана иштетүү концепциясында камтылган сунуштамаларды эске алуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-глава. Укуктук статусу жана башкаруу органдары жөнүндө

1-берене.

Тараптар өндүрүштү жана ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташууну кеңейтүү максатында ИСЛКны түзөт, ошондой эле инвестицияларды, анын ичинде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык инвесторлор менен инвестициялык ишти жүзөгө ашырууга келишимдерди түзүү жолу менен тартууну шарттайт.

Бул максатта Казакстандык тарап ИСЛК инфраструктурасынын курулушуна инвестицияларды тартууну камсыз кылат.

Тараптар иштин ушул сыяктуу чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда тажрыйбасы бар инвесторлорду тартууга милдеттенет.

ИСЛК Тараптардын мамлекеттеринин чек арага чектеш аймактарында жайгашкан Кыргыз жана Казакстандык бөлүктөрүнөн турган соода, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын комплекси (борбору) болуп саналат.

ИСЛКны түзүүнүн жана иштетүүнүн негизги максаты - кампалоо, сактоо, консолидациялоо, кайра иштетүү, жаңы товарларды өндүрүү жана аларды эл аралык товар өткөрүүчү системаларда натыйжалуу интеграциялоо менен андан ары сатуу чөйрөсүндө өндүрүштүк кооперацияны камсыз кылуу, ошондой эле кыска мөөнөттүү сактоо, логистика, соода орундарын ижарага алуу, сатуу алдындагы даярдоо (калибрлөө, сорттоо, фасовкалоо жана таңгактоо, продукцияны сертификациялоо), товарларды дүң партиялар боюнча консолидациялоо жана кайра бөлүштүрүү, жүктөө жана түшүрүү, экспорттук-импорттук операциялар боюнча документтерди тариздөө, юридикалык жана финансылык консультациялар кызматтарын көрсөтүү.

ИСЛК жалпы максаттарга жана натыйжаларга жетишүүгө багытталган өз ара байланышкан жана бири-бирин толуктап турган өндүрүштөрдү, иштин ушундай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн платформа болуп саналат.

2-берене.

ИСЛКнын Кыргыз бөлүгү Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы астында турат.

ИСЛКнын Казакстандык бөлүгү Казакстан Республикасынын юрисдикциясы астында турат.

3-берене.

ИСЛКнын Кыргыз бөлүгүнүн ишин координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги саналат.

ИСЛКнын Казакстандык бөлүгүнүн ишин координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп Казакстан Республикасынын Соода жана ингеграциялар министрлиги саналат.

Тараптардын биринин ыйгарым укуктуу органынын расмий аталышы өзгөргөндө же кайра түзүлгөндө, мындай Тарап бул жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка токтоосуз кабарлайт жана тиешелүү укук улантуучуну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

ИСЛК түзүү жана анын андан ары иштеши үчүн Тараптар башкаруучу компанияларды аныктайт.

Башкаруучу компаниялар Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймагында түзүлөт жана катталат, өзүнүн ишин алардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат, мында башкаруучу компаниялардын иштөө мөөнөтү ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнөн аз болушу мүмкүн эмес.

Башкаруучу компаниялар өз атынан келишимдерди түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана милдеттерди тартууга, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык сотто, арбитражда жана бейтарап сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Башкаруучу компаниялар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык аларга таандык болгон мүлктүн чектеринде өзүнүн милдеттенмелери боюнча материалдык жоопкерчилик тартат.

Тараптар башкаруучу компаниялардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, башкаруучу компаниялар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Тараптардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Башкаруучу компаниялардын функцияларына төмөнкүлөр кирет:

- ИСЛКнын ишин камсыз кылуу;

- ИСЛКнын катышуучуларына уруксаттарды, лицензияларды берүү жана сертификациялоо жүргүзүү үчүн "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары боюнча консультацияларды берүүдө көмөк көрсөтүү;

- ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында иш жүргүзүү үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылууга көмөктөшүү, анын ичинде ишкердик менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди колдоо жана азайтуу;

- ИСЛКнын катышуучуларын тартуу жана алардын ишин уюштуруу, ошондой эле инфраструктура, транспорттук инфраструктура, суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо объекттерин, телекоммуникацияларды, инженердик коргоо жана башка инженердик коммуникацияларды курууга инвестицияларды тартуу, ошондой эле ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында өндүрүштүк объекттерди, кампаларды, соода-көргөзмө объекттерин, ар кандай ишкердик жайларды, терминалдарды жана башка имараттарды жана курулмаларды (мындан ары - ишкердик объекттер) тосуу, ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында өнөр жайлык-инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштин түрүн жүргүзүү;

- ИСЛКнын иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;

- ИСЛКны өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды ишке ашыруу;

- ИСЛКнын аймагында жайгашкан адамдардын жана транспорт каражаттарынын режимдик тартибинин сакталышын контролдоого көмөктөшүү.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында Тараптар катышуучуларды тейлөө борборлорун, анын ичинде кызыкдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жайгаштырат, ошондой эле IT-технологияларын киргизет.

2-глава. ИСЛКны жайгаштыруу схемасы, аймактарынын чектери жана аянттары жөнүндө

4-берене.

ИСЛК Тараптардын мамлекеттеринин чек арадагы чектеш аймактарында, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек ара линиясынын эки тарабында, "Ак-Тилек - автожолу" (Кыргыз Республикасы) жана "Карасу - автожолу" (Казакстан Республикасы) өткөрүү пункттарынын жанында жайгашкан, мында ИСЛКнын Кыргыз жана Казакстандык бөлүктөрү чек ара тилкесинин чегинен тышкары жайгашкан.

ИСЛКны өнүктүрүүгө жана Кыргыз жана Казакстандык бөлүктөрүн бириктирүүчү атайын өтмөктү (көпүрөнү) курууга жараша ИСЛК үчүн кошумча күнү-түнү режиминде иштеген, жабдылган көп тараптуу эл аралык өткөрүү пункттары орнотулат.

ИСЛКнын Кыргыз жана Казакстандык бөлүктөрүн бириктирүүчү атайын өтмөктүн (көпүрөнүн) курулушу ИСЛК расмий ачылгандан кийин үч жылдын ичинде ишке ашырылат.

Атайын өтмөк (көпүрө) эки Тараптан мамлекеттик чек аранын режиминин сакталышын контролдоону камсыз кылуучу тосмо, кайтаруунун жана видеобайкоо жүргүзүүнүн техникалык каражаттары менен жабдылат.

Атайын өтмөк (көпүрө) боюнча адамдар жана транспорт каражаттары өтүп бара жатканда, жүктөрдү жана башка мүлктү алып өтүүдө кыймылдын маршрутун өзгөртүүгө жана жүргүнчүлөр менен транспорт агымдарын аралаштырууга жол берилбейт.

ИСЛКнын Кыргыз жана Казакстандык бөлүктөрүн бириктирүүчү атайын өтмөктүн (көпүрөнүн) курулушу ИСЛК долбоорунун алкагында казакстандык Тараптын каражатынын эсебинен ишке ашырылат.

Мында атайын курулманы (көпүрөнү) долбоорлоо, куруу жана кайтаруу жана видеобайкоо жүргүзүү каражаттары менен жабдуу маселелеринде өркүндөтүү процесси Тараптардын мамлекеттеринин Чек ара кызматтары менен макулдашылат.

ИСЛКны жана анын аймагындагы чарбалык субъекттердин ишин башкаруу ИСЛКнын аймагына бөлүнгөн жана тосмолор жана атайын белгилер менен жабдылган анын чектеринин чегинде гана жүзөгө ашырылат.

5-берене.

ИСЛКнын жалпы аянты 7,6 кв.км түзөт, анын ичинен Кыргыз бөлүгүнүн аянты - 4 кв.км, Казакстандык бөлүгүнүн аянты - 3,6 кв.км.

ИСЛКнын чектерин жана (же) бөлүктөрүнүн аянтын өзгөртүү ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

6-берене.

ИСЛКнын Кыргыз жана Казакстандык бөлүктөрүнүн ортосундагы каттам ИСЛКнын эки бөлүгүнүн ортосундагы көпүрө (атайын өтмөк) пайдаланууга киргизилгенге чейин колдонуудагы өтмөк аркылуу ишке ашырылат.

3-глава. ИСЛКны башкаруу функциялары жана режими жөнүндө

7-берене.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында, Тараптар өндүрүштүк, илимий-техникалык, инвестициялык, коммерциялык, биргелешкен жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен тыюу салынбаган, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык катталган чарбалык субъекттердин ишинин башка түрлөрүнүн натыйжалуу формаларын өнүктүрүүнү колдойт.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында ишке байланышкан маселелер боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана (же) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.

ИСЛКнын катышуучулары болуп ИСЛКнын ар бир аймагында ишкердик объекттерди жайгаштырууну жана (же) эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу, алар менен башкаруучу компания Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ИСЛКнын катышуучусу катары иш жүргүзүү жөнүндө келишим түзгөн жеке ишкерлер, жеке жана юридикалык жактар саналат.

ИСЛКнын катышуучулары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ИСЛКнын ар бөлүгүнүн аймагында аларга берилген жер участогунда өз каражаттарынын эсебинен аларга керектүү ишкердик объекттерди курууга укуктуу.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында мындай объекттерди куруу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында жана (же) долбоорлоого жана курууга эл аралык ченемдерде жана (же) стандарттарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

ИСЛК улуттук жана мамлекеттик майрамдарды эске алуу менен алты күндүк иш жумасы менен иштейт (саат 09:00дөн 18:00гө чейин) (майрам күндөрү тууралуу билдирүү бир Тараптан экинчи Тарапка расмий каналдар аркылуу майрам күнүнө чейин 72 сааттан кечиктирбестен жөнөтүлөт).

8-берене.

ИСЖнын катышуучуларынын бизнесин өнүктүрүүнү кеңейтүү максатында, экономикалык иштин түрүнүн бир бөлүгү катары негизги мүнөздөмөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) өндүрүштүк кооперация, жаңы өндүрүштөрдү жана жумушчу орундарды түзүү;

2) эт жана айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү;

3) логистиканы жана ишкердик иштин объекттерин жакшыртуу;

4) жаңы технологияларды тартуу;

5) айыл чарба өндүрүшүн диверсификациялоо;

6) агроөнөр жай комплексинин продукциясын өткөрүү, сактоо жана кайра иштетүү;

7) тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын кошун алганда, жогорку атаандаштык артыкчылыгы бар эл керектөөчү товарларды өндүрүү;

8) жаңы товарларды өндүрүү жана аларды эл аралык товар өткөрүүчү системаларга натыйжалуу интеграциялоо менен андан ары сатуу;

9) Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталган шартта, ИСЛКны түзүү жана иштетүү максаттарына ылайык келген иштин башка түрлөрү.

Эгерде Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, катышуучулар ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында жеке жана юридикалык жактар үчүн белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында, ар бир Тарап экинчи Тарапка, анын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле жеке ишкерлерге инвестициялык, экономикалык, соода жана башка мамилелер жаатында ушундай эле (окшош) мамилелерде өздөрүнүн жеке, юридикалык жактарына жана жеке ишкерлерине берилүүчү режимден кем эмес жагымдуу шарттарды берүүгө милдеттенет, буга алардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерде жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында продукция өндүргөн Тараптардын мамлекеттеринин ишкердик субъекттери бул продукциянын Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында жана алардын мамлекеттери кагышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоону камсыз кылууга милдеттенет.

9-берене.

ИСЛКнын Кыргыз бөлүгүнүн аймагында жайгашкан Казакстан Республикасынын ишканаларын жана уюмдарын, ошондой эле ИСЛКнын Казакстандык бөлүгүнүн аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ишканаларын жана уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу алар катталган аймактагы Тараптардын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

10-берене.

Транспорттук инфраструктуранын, суу менен жабдуунун, электр менен камсыздоонун, телекоммуникациянын, инженердик коргоонун жана башка инженердик коммуникациялардын, иштеп жаткан өтмөктүн, пункттун (коридордун), административдик башкаруунун, аймакты тосуунун жана ИСЛКнын ар бир бөлүгүндөгү инфраструктуранын башка объекттеринин долбоордук, курулуш жана оңдоо иштерин каржылоо Казакстандык тарап инвестиция катары тарткан каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

ИСЛКнын курулушунун аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында Тараптар биргелешкен комиссия түзөт.

4-глава. ИСЛКнын аймагында салык салуу жана инвестициялык режим жөнүндө

11-берене.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында салык салуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

12-берене.

Тараптар инвестициялардын кыймылын көбөйтүү, экинчи мамлекеттин мыйзамдарына ылайык бир мамлекеттин инвесторунун инвестицияларын экинчи мамлекеттин аймагына киргизүү жолу менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулууну колдойт.

Бул максатта Тараптар ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында инвестициялык климатты стимулдаштыруу үчүн адилеттүү жана тең укуктуу режимди камсыз кылат.

Инвесторго төмөнкүлөр берилет:

- укуктарын жана кызыкчылыктарын толук жана шартсыз коргоо;

- мамлекеттик органдар тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык келбеген ар кандай актыны чыгаруунун натыйжасында, ошондой эле ар кандай ушундай органдын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу;

- инвесторлор менен Тараптардын мамлекеттик органдарынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин шарттарынын туруктуулугунун кепилдиги анын бүткүл мөөнөтүнө.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында инвесторлорго Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык каралган инвестициялык преференциялар берилиши мүмкүн.

Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин инвесторлорунун инвестициялары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, улутташтырылышы, реквизицияланышы же экинчи Тараптын ИСЛКсынын ар бир бөлүгүнүн аймагында улутташтыруу же реквизициялоо сыяктуу кесепеттерге алып келген башка чараларга дуушар болушу мүмкүн эмес.

5-глава. Валюталык жөнгө салуу, валюталык контролдоо, банк жана камсыздандыруу иши жөнүндө

13-берене.

Валюталык операцияларды ишке ашырууга байланышкан мамилелер Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

ИСЛКнын Казакстандык жана Кыргыз бөлүктөрүнүн аймактарында түзүлгөн банктар же башка уюмдар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык кызматтарды көрсөтөт.

Жеке жактардын накталай акчаны ИСЛКнын аймагынын кыргыз бөлүгүнө/бөлүгүнөн алып келүүсу/алып чыгуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеке жактардын накталай акчаны Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан алып келүүсү/алып чыгуусу үчүн талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

Жеке адамдардын накталай акчаны ИСЛК аймагынын Казакстандык бөлүгүнө/бөлүгүнөн алып келүүсү/алып чыгуусу Казакстан Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеке жактардын накталай акчаны Казакстан Республикасынын аймагына/аймагынан алып келүүсү/алып чыгуусу үчүн талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

14-берене.

Банктарды же алардын бөлүмдөрүн түзүү, ошондой эле алардын иши Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат, жөнгө салынат жана контролдонууга жана көзөмөлдөнүүгө тийиш.

15-берене.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында жайгашкан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда камсыздандыруу келишимдери Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлөт.

6-глава. Адамдардын, товарлардын (жүктөрдүн) жана транспорт каражаттарынын өтүүсүн контролдоо тартиби

16-берене.

Адамдарды, транспорт каражаттарын, товарларды (жүктөрдү) жана башка мүлктөрдү ИСЛКга/дан өткөрүү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.

Адамдардын, товарлардын (жүктөрдүн), транспорт каражаттарынын ИСЛКнын аймагына/аймагынан кирүүсү/чыгуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 25-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашууга ылайык төмөнкү иштеп жаткан өткөрүү пункттары аркылуу жүзөгө ашырылат:

Кыргыз Республикасында - "Ак-Тилек - автожол" өткөрүү пункту.

Казакстан Республикасында - "Карасу - автожол" өткөрүү пункту.

17-берене.

Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында мыйзамдуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандары, үчүнчү мамлекеттердин жарандары жапа жарандыгы жок адамдар ИСЛКга/дан Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдердин жана Тараптардын мамлекеттеринин тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын негизинде жарактуу документтер жана аларды алмаштыруучу документтер боюнча эл аралык каттам үчүн ачылган Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттары аркылуу кирет, чыгат.

ИСЛКнын аймагынын чегинде адамдар, товарлар (жүктөр) жана транспорт каражаттары эркин жүрөт.

18-берене.

Тараптар табигый кырсыктар, эпидемиялар жана башка өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда ИСЛКнын бөлүктөрүнүн ортосундагы каттамды убактылуу токтотушу мүмкүн, бул тууралуу Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин компетенттүү органдары бири-бирине алдын ала маалымдайт.

19-берене.

Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ жоголгон же бузулган учурда ИСЛКнын аймагында жүргөн адам ИСЛКнын аймагындагы ал кирген Тараптын мамлекетинин коопсуздугун жана коомдук тартибин сактоону камсыз кылуу боюнча компетенттүү органдарга кайрылууга милдеттүү, алар зарыл болгон учурда экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү менен анын өздүгүн жана ИСЛКнын аймагында мыйзамдуу жүрүү фактысын өз убагында ырастайт.

7-глава. ИСЛКнын аймагында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу

20-берене.

Тараптар ИСЛКнын өздөрүнүн бөлүгүнүн аймагына коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча компетенттүү органдарды, ошондой эле зарыл болгон учурда келишимдик негизде күзөт иштерин жүргүзгөн уюмдарды жайгаштырышы мүмкүн.

21-берене.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында жасалган укук бузуулар жана кылмыштар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык алар жасалган аймакта коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти коргоо боюнча компетенттүү органдардын юрисдикциясына кирет.

Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын макулдашуусу боюнча алардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерге ылайык укук бузуулар жана кылмыштар жөнүндө материалдар экинчи Тараптын коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын юрисдикциясына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

22-берене.

Тараптардын коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти коргоо боюнча компетенттүү органдары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык өз ара аракеттенет, тиешелүү маалымат менен алмашат.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагындагы укук бузууларды жана кылмыштарды иликтөөдө коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти коргоо боюнча компетенттүү органдар өз компетенциясынын чегинде өз ара зарыл жана мүмкүн болгон жардамды көрсөтөт.

23-берене.

Натыйжалуу контролду жүргүзүү максатында Тараптар ИСЛК чек арасынын периметри боюнча контролдоо системасы жана жарык берүүчү приборлор менен жабдылган тосмо орнотуу жана камсыздоо боюнча чараларды көрөт.

8-глава. ИСЛКнын аймагындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо жөнүндө

24-берене.

Тараптар ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагында санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык контролду Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырат.

25-берене.

Тараптардын тийиштүү органдары инфекциялык ооруларды контролдоо жаатында өз ара кызматташууну ишке ашырат жана чыңдайт, ошондой эле ташып киргизилүүчү жана контролго алынган айыл чарба продукцияларына карантиндик фитосанитардык, ветеринардык контролду жүргүзүүдө эпизоотиялык жана фитосанитардык абал, эпидемиологиялык абал жана аларды жоюу боюнча өз убагында көрүлгөн чаралар жөнүндө өз ара маалымат беришет.

26-берене.

Ар бир Тараптын менчигинин түрүнө карабастан, ИСЛКнын аймагында мал жана өсүмдүк продукциясын даярдоо, сактоо, кайра иштетүү жана экспорттук-импорттук берүү менен алектенген чарбалар жана ишканалар санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды сактоого жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү өз Тараптарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын туруктуу расмий контролунда болушат.

9-глава. ИСЛКнын аймагындагы эмгек ишин жүргүзүү маселелери жөнүндө

27-берене.

ИСЛКнын ар бир бөлүгүнүн аймагындагы эмгек иши Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

10-глава. Макулдашууда талаш-тартыштарды чечүү, күчүнө киргизүү, колдонулушун токтотуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

28-берене.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү, ошондой эле күтүлбөгөн жана ал жетпеген кырдаалдардын (форс-мажордук жагдайлар) кесепеттерин жөнгө салуу Тараптардын ортосунда консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат.

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.

29-берене.

Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында башталган жана ал токтотулганга чейин аяктабаган иш-чараларга жана долбоорлорго таасирин тийгизбейт.

Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жеке, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин кайра карап чыгуусу же алар тарабынан ушул Макулдашууга байланыштуу келип чыккан келишимдик милдеттенмелерди бир тараптуу аткарбашы үчүн укуктук негиз болуп саналбайт.

Ушул Макулдашуу 25 жылдык (жыйырма беш жылдык) мөөнөткө түзүлөт жана эгерде алгачкы же андан кийинки каалагандай мөөнөт аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен Тараптардын бири дагы дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка бул Макулдашууну узартпоо ниетин билдирбесе, өзүнөн-өзү беш жылдык мөөнөткө узартылат.

 

2023-жылдын 9-июнунда Астана шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинети үчүн

 

Казакстан Республикасынын

Өкмөтүнүн үчүн