ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15-марты № 01-5/8
Жер участокторун «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, траспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Жер участокторун берүү боюнча Сокулук райондук комиссиясынын 2023-жылдын 13-октябрындагы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн территориясындагы №39, 58 контурларындагы К.М. Искендеровдун жеке менчигиндеги жалпы аянты 1,0 га жерди өндүрүштүк, кампа жана кеңсе жайлар үчүн (сарай, дан чарбасы) «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, траспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө материалдарын жана корутундусун карап чыгып, жер боюнча туруктуу комиссиянын протоколуна ылайык жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында
Военно-Антоновка айылдык кенеши чечим кылат:
1. №39, 58 контурларындагы жалпы аянты 1,0 га жерди өндүрүштүк, кампа жана кеңсе жайлар үчүн «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, траспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча Военно-Антоновка айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысынын орун басары Ш.Т.Мусабаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| У. М. Мураталиев |