Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясынын

 

2024-жыл 29-январь  №496

 

“Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун, 2025-2026-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун, 2025-2026-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Терек-Сай айыл аймагынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 100 576,0 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1680,0 миң сомго бекитилсин.
  2. Терек-Сай айыл аймагынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 100 576,0 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1680,0 миң сомго бекитилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айыл аймагынын башчысынын резервдик фонду 1005,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  4. Терек-Сай айыл аймагынын 2025-жылга карата бюджетинин долбоору 108 479,5 миң сомго, 2026-жылга карата божомолу 119 822,5 миң сомго бекитилсин.
  5. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.