Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябрындагы № 7

 

Көчөгө ат коюу жөнундө.

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Курманбек айыл аймагындагы Кыргызстанга таанымал улакчы Арапбаев Маматтын ысымын өзүнүн жашап өткөн көчөсунө коюп берүүнү сунуштаган Таран-Базар айылынын айыл башчысы М.Шырдаковдун жана айылдык кеңештин депутаты Г.Тагаеванын сунушун Курманбек айылдык кеңешинин депутаттарынын угуп, талкуулап, Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ :

 

1. Курманбек айыл аймагынын Таран-Базар айылындагы Али Оморов көчөсунөн оң тарапка кеткен көчөгө Арапбаев Маматтын ысымы ыйгарылсын;

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.Биримкулов