Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-октябры № 01
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге турак жай курууга жалпы аянты 0,6 га жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге турак жай курууну уюштуруу тапшырмасын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 26.06.2022-жылдагы 18/25496 кайрылуусун эске алып, Кара - Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге турак жай куруу үчүн Кара-Балта шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 0,6 га бөлүгүнө тиешелүү 55 га жер тилкесинин башкы планынын түзөтүүсү бекитилсин.
2. Кара-Балта шаарынын түштүк-батыш тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге турак жай куруу үчүн жалпы аянты 0,6 га (55 га ичинде) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 05.10.2022-ж. №27/22-и жер участогунун планы боюнча мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы тез арада турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча чараларды көрсүн, мамлекеттик актыларды жана тиешелүү органдардын чечимдерин алсын.
4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар, өнөр жай, транспорт, ишкердик, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри - М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
______________________________________________________________________
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, мэрияга, Кара – Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБге.
Кеңешинин төрагасы | М. Дуйшеналиев |