КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 6-октябрындагы № 9
“Курманбек айыл өкмөтү тарабынан түрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Эрматованын Таран-Базар айылынын Нуралиев Анарбай көчөсүнун 700 (жети жүз ) метр жолун асфальтоо үчүн түрткү берүүчү грантка долбоорду сунуштоо боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнун Таран-Базар айылынын Нуралиев Анарбай көчөсүнун 700 (жети жүз ) метр ички жолун асфальтоо үчун долбоор түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2. Долбоорго Курманбек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен 3 130 000 (үч миллион бир жүз отуз миң) сом акча каражаты өздүк салым катары каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Биримкулов |