Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябрындагы № 10

 

“Курманбек айыл өкмөтү тарабынан Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Эрматованын Таран-Базар айылынын Нуралиев Анарбай көчөсүн асфальтоо үчүн Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна сунушталуучу долбоорду колдоо боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

 

1. Курманбек айыл өкмөтүнун Таран-Базар айылынын Нуралиев Анарбай көчөсүнүн 570 метр ички жолун асфальттоо үчүн долбоор Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна сунушталсын;

 

2. Долбоорго Курманбек айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен 1 457 400 (бир миллион төрт жүз элик жети миң төрт жүз) сом өздүк салым катары каржылансын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.Биримкулов