Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-октябрындагы № 10
“Жалал-Абад-Балыкчы жолундагы ижарага алынган карьерлерди өкмөттүн балансына кайтарып алуу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Жалал-Абад-Балыкчы жолундагы ижарага алынган карьерлерди өз калыбына келтирилип өкмөттүн балансына кайтарып алуу жана бул берилген жерлер боюнча Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мекемесинен маалымат суроо боюнча сунушту Курманбек айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Жалал-Абад-Балыкчы жолундагы ижарага алынган карьерлерди өз калыбына келтирилип өкмөттүн балансына кайтарып алынсын;
2. Ижарага берилген жерлер боюнча Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мекемесинен маалымат суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу милдети айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Биримкулов |