ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясынын
2024-жыл 29-январь №498
“Терек-Сай айыл аймагында жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдө мал ээлери тарабынан төлөнүүчү кызмат акы үчүн төлөм бааларын (расценка) бекитип берүү жөнүндө”
Чаткал райондук ветеринардык башкармалыгынын Терек-Сай айыл аймагында жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдө мал ээлери тарабынан төлөнүүчү кызмат акы үчүн төлөм бааларын (расценка) бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Терек-Сай айыл аймагында жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдө мал ээлери тарабынан төлөнүүчү кызмат акы үчүн төлөм баалары (расценка) Чаткал райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлгөн тарифте бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ветеринардык адиси Гүлчоро уулу Баяманга жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |