КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 6-октябрындагы № 12
“Курманбек айыл өкмөтү тарабынан Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнун башкы адиси К. Амираеванын Кара-Чолок айылындагы “Ысмайыл” жалпы билим берүүчү мектебине 13 (он үч) даана компьютер, 1 (бир) даана принтер 3в1 сатып алуу үчүн долбоор даярдап, Сузак-райондук өнуктүүрүү Фондуна сунуштоо боюнча сунушун Курманбек айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнун Кара-Чолок айылындагы “Ысмайыл” жалпы билим берүүчү мектебине 13 (он үч) даана компьютер, 1 (бир) даана принтер 3в1 сатып алуу үчүн долбоор Сузак райондук Өнүктүрүү Фондуна сунушталсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Биримкулов |