Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 04-октябры № 02
“Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайына (мындан ары - Курултай) Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо күнү - 2022-жылдын 5-ноябрында (ишемби күнү) саат 10:00дө белгиленсин, дареги: Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү, 2 (В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайы).
2. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Курултайга өкүлчүлүктүн нормасы 200 делегат болуп белгиленсин.
4. Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн чогулушунун графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:
- 2022-жылдын 31-октябрына чейин Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттардын чогулушун өткөрүлсүн;
- Кара-Балта шаарынын калкын боло турган Курултай жөнүндө маалымдоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүлсүн;
- Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайынын күн тартибинин долбоорун Курултайда бекитүү үчүн иштелип чыксын.
6. Кара-Балта шаарынын мэриясы Курултайды уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтсүн.
7. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы – Дүйшөналиев Мирбек Кубанычбековичке, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы – Сарсембаев Галым Арипжановичке жүктөлсүн.
_____________________________________________________________________
Таркатылсын: көктөмөгө,ТДКга, ЖРМАга, ММК, Кара-Балта шаарынын мэриясына
Кеңешинин төрагасы | М. Дуйшеналиев |
Кара-Балта шаардык кеңешинин
2022-жылдын "04" октябрындагы
№ 02 токтомуна
1 Тиркеме
Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын
Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Комиссиянын төрагасы:
1. Дуйшеналиев М.К. – Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы;
Комиссиянын төрагасынын орун басары:
2. Шыгаева Н.А. – “Ыйман Нуру” с/п депутаты, социалдык маселелер боюнча тдк мүчөсү;
Комиссиянын катчысы:
3. Кожомкулова Г.А. – Кара-Балта шаардык кенешинин жооптуу катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Кара-Балта шарынын мэриясынын өкүлү – макулдашуу менен;
5. Ачакеева А.Б. – социалдык маселелер боюнча тдк орун басары (саламатты сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу);
6. Асаналиев А.У. – «Күчтүү коом –Сильное общество» с/п депутаты, социалдык маселелер боюнча тдк мүчөсү (саламатты сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу);
7. Аманов А.Г. – “Социал Демократтар” с/п депутаты, өнөр жай, транспорт, шаар куруу жана архитектура боюнча тдк мүчөсү;
8. Билялова А.Б. – “ЭлАман” с/п лидери, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча тдк мүчөсү;
9. Токтуева М. К. – Кара – Балта шаарынын БМжанаБ тобунун төрайымы, жергиликтүү коомчулуктун мүчөсү.
Кара-Балта шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
|
Г.А. Кожомкулова |
Кара-Балта шаардык кеңешинин
2022-жылдын "04" октябрындагы
№ 02 токтомуна
2 Тиркеме
Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайга делегаттарын көрсөтүү үчүн Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамааттын чогулуштарын өткөрүү боюнча
МЕРЧЕМИ
1. Жайыл райондук маданият үйүнүн административдик имараты - 15 октябрь 2022 жыл саат 11-00;
2. В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайынын административдик имараты - 29 октябрь 2022 жыл саат 11-00.
Кара-Балта шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
|
Г.А. Кожомкулова |