Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясынын

 

2024-жыл 29-январь  №500

 

“Погрузчик техникасын кышкы сезонго даярдоого керектүү тетиктерди алууга акча каражатын карап берүү жөнүндө”

 

Фронталдык погрузчиктин айдоочусу А.Джунусовдун погрузчик техникасын кышкы сезонго карата даярдоо үчүн керектүү тетиктерди алып берүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Погрузчик техникасын кышкы сезонго карата даярдоого карата керектүү тетиктерди алып берүүгө 17 230 (он жети миң эки жүз отуз) сом акча каражаты 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.