Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясынын

 

2024-жыл 29-январы №502

 

“Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган турмуш шарты оор тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө”

        

         Терек-Сай айылынын тургундары: Ак-Терек айылынын тургундары: I группадагы ДМЧ Сарпеков Жеңиштин май куюучу жайына (АЗС) көзөмөлдөөчү кассалык (ККМ) аппарат койдурууга, пенсионер Мамбеталиев Айтматка ден соолугуна жана турмуш шартына байланыштуу, Кызыл-Токой айылынын тургунуТалантбек кызы Айзирекке турмуш шартына, ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Терек-Сай айылынын тургундары: Ак-Терек айылынын тургундары: I группадагы ДМЧ Сарпеков Жеңиштин май куюучу жайына (АЗС) көзөмөлдөөчү кассалык (ККМ) аппарат койдурууга 180 000 (бир жүз сексен миң) сом, пенсионер Мамбеталиев Айтматка ден соолугуна жана турмуш шартына байланыштуу 60 000 (алтымыш миң) сом,  Кызыл-Токой айылынын тургуну Талантбек кызы Айзирекке турмуш шартына, ден соолугуна байланыштуу 50 000 (элүү миң) сом акча каражаттары материалдык жардам көрсөтүү үчүн, жалпы 290 000 (эки жүз токсон миң) сом акча каражаттары 01.01.2024-жылга иштетилбей калган калдыктын эсебинен жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.