Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI–сессия

 

2023-жылдын 28-ноябрындагы № 1

 

Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюжеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдеттин аткаруучу Ч.Сулайманованын билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына, салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, республикалык бюджеттен бирдиктүү салыкка келген компенсациясынын эсебинен 70111-башкаруу бөлүмүнүн 3112- беренесине 55,4 (элүү беш миң төрт жүз) миң сом, 2221-мүлктүү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар беренесине 15,0 (он беш) мин сомго көбөйтүлсүн.

 

2. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Н.Калмуратов