ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI–сессия
2023-жылдын 28-ноябрындагы № 3
Ленин айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин акча каражаттын бөлүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Жыгач-Коргон айылынында № 25-А.Тажибаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу классын оңдоп түзөө үчүн Сузак райондук өнүктүрүү фондуна долбоор тапшырып жаткандыгы боюнча өкмөт башчы Ч.Мурзакановдун сунушун угуп, талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Жыгач-Коргон айылынында № 25-А.Тажибаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу классын оңдоп түзөөгө Сузак райондук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдалып сунушталып жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катары 132 100 (бир жүз отуз эки миң бир жүз) сом акча каражаты 2024-жылдын боюджеттин кабыл алууда бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |