Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI–сессия

 

2023-жылдын 28-ноябрындагы № 4

 

Жердин категориясын өзгөртүп берүү жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылынын тургуну Бакиров Нурдинге таандык Ленин айылындагы А.Исманов көчөсүнүн № 1- үйү 26.07.2006-жылы Ленин айыл өкмөтүнүн №15-чечими менен таштанды таштаган, өздөштүрүүгө жана көрктөндүрүү багытындагы жер аянтынан 0,13га жер аянттын турак жай салуу үчүн берилгендигине байланыштуу жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссиясынын отурумунда каралып, берилген сунушунун негизинде жердин категориясын которууга макулдук берүү үчүн Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ленин айылынын тургуну Бакиров Нурдинге таандык Ленин айылындагы А.Исманов атындагы көчөсүнүн № 1- үйү 26.07.2006-жылы Ленин айыл өкмөтүнүн №15-чечими менен таштанды таштаган, өздөштүрүүгө жана көрктөндүрүү багытындагы жер аянтынан 0,13га жер аянттын турак жай салуу үчүн берилип, бүгүнкү күндө турак жай салып жашап жатышкандыгына байланыштуу 0,13 га жер аянттын там арка категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышны көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөргөн күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Н.Калмуратов