Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезектеги  ХV сессиясы

 

2024-жылдын 4-апрели № 15-3

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2023-жылдын

4-декабрындагы

“Айыл   аймактарды бириктирүүдө  келип  түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча  каражатын кароо жөнүндөгү” №9-1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо

киргизүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы “Айыл   аймактарды  бириктирүүдө келип  түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча  каражатын кароо жөнүндөгү” №9-1 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

 

1)    2-пункту төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:

 

РСК Банк” ААК аркылуу 5 жылдык мөөнөткө лизингге 17 % пайыз менен ZZ3327S3847E  үлгүсүндөгү 2 даана Хово жана R140W-9S үлгүсүндөгү 1 даана Хёндай эксковаторун алууга макулдук берилсин;

 

2)    3-пункту төмөндөгүдөй сөздөр менен толукталсын:

 

Өздүк салымдан сырткары “РСК Банк” ААКнан алынуучу лизингдин суммасы 11 392 200 (он бир миллион үч жүз токсон эки миң эки жүз) сомду түзгөндүгү белгиленсин;

 

3)     2-пункт менен жазылган “Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн  социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Жапаровго милдеттендирилсин;” деген сөздөр алынып салынып, төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

Э. Толубаев