Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI–сессия

 

2023-жылдын 28-ноябрындагы № 9

 

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципиалдык жерлерди аныктоо жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы №36-кесиптик окуу жайына 2017-жылдары 54 га муниципиалык жер аянтты мыйзамсыз өтүп, Курманалиев Кочкор 20га жер аянттын мыйзамсыз алып иштетип жүргөндүгүнө байланыштуу жерлерди кайрадан өткөрүү жөнүндө жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссиясынын сунушунун негизинде жердин категориясын которууга макулдук берүү үчүн Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы №36-кесиптик окуу жайына 2017-жылдары 54 га муниципиалык жер аянтты мыйзамсыз өтүп кеткен жана көп жылдан бери Курманалиев Кочкор 20га жер аянттын мыйзамсыз алып иштетип жүргөндүгүнө байланыштуу териштирип кайрадан айыл өкмөтүнө кайтаруу максатында укук коргоо органдарына маалымат тапшырылсын.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышны көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөргөн күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Н.Калмуратов