Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 649
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө
БУУнун Жашыл климаттык фондунда, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын талаптагыдай билдирүү, инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар түрдүү тармактарына заманбап технологияларды жайылтуу жана берүү аркылуу туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору болуп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү сектору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун түзүмүн, штаттык расписаниесин, ошондой эле кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына макулдашууга киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |