ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVI–сессия
2023-жылдын 28-ноябрындагы № 11
Ижара жер бөлүп берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүндөгү Ленин айылындагы № 565-контурдагы жерден 0,40 га жер аянтына аймактагы жалпы элдин жеке менчик малдарынын пародасын жана мал чарбасынан алынуучу продукциянын сапатын, санын жогорлатуу, малды жасалма уруктандыруучу ошондой эле канаттууларды көбөйтүп жумуртка багытында иш алып баруу максатында Ленин айылынын тургуну М.Кеңешбаевдин жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда каралып чыгып, берилген сунуштун негизинде токтом кылат:
1. Ленин айылынын тургуну Кеңешбаев Манаска № 565-контурдагы жерден 0,40 га жер аянтына аймактагы жалпы элдин жеке менчик малдарынын пародасын жана мал чарбасынан алынуучу продукциянын сапатын, санын жогорлатуу, малды жасалма уруктандыруучу ошондой эле канаттууларды көбөйтүп жумуртка багытында иш алып баруу үчүн № 565-контурдагы жерден 0,40 га жер аянтты ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |