Редакцияот 27.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХXVII–сессия

 

2023-жылдын 27-декабрындагы № 1

Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 22-декабрындагы № 01-57/62 сандуу кайрылуу каты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74- беренесине ылайык, Сузак району боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 22-октябрындагы №039/21/21-1-13 сандуу катында көрсөтүлгөн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп, талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып калктуу конуштардын, дүкөндөрдүн таштандыларын чыгарып кетүү үчүн, ар бир жумушчуга бир жолу төлөнүүчү жыйымдын ставкасы 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.

 

2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышны көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөргөн күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н.Калмуратов