Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомуна ылайык бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Климаттык каржылоо борбору жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору (мындан ары - Климаттык борбор) жөнүндө жобо Климаттык борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
Климаттык борбор Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борборунун укугун улантуучу болуп саналат.
2. Климаттык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Климаттык борбор ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
Климаттык борбор өзүнө бекитилип берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
4. Климаттык борбордун негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептери бар.
5. Климаттык борбордун кыргыз, орус жана англис тилдеринде аталышы жазылган гербдик мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
6. Климаттык борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору";
- расмий тилде: "Центр климатического финансирования при Кабинете Министров Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "Climate Finance Center under Cabinet of Ministers of the Kyrgyz Republic".
Климаттык борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККБ";
-расмий тилде: "ЦКФ";
- англис тилде: "CFC".
7. Климаттык борбордун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
2-глава. Климаттык борбордун ишинин максаттары
8. Климаттык борбордун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) БУУнун Жашыл климаттык фондунан (мындан ары - ЖКФ), жана эл аралык уюмдардан финансылык ресурстарды жана инвестицияларды тартуу;
2) Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 125 “2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу” Мыйзамы менен ратификацияланган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусунун (мындан ары – Париж макулдашуусу) 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында инвестицияларды илгерилетүүгө, климаттын өзгөрүүсү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, “жашыл” экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Климаттык борбордун милдеттери
9. Климаттык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын кесепеттерине адаптациялоо жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан башка маселелер жаатында долбоорлорду иштеп чыгуу;
2) мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, бизнес-түзүмдөр, окуу жана илимий жайлар менен климаттык долбоорлорду даярдоо, климаттык каржылоону тартуу маселелери жана климаттын өзгөрүүсүнө тиешелүү башка маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
3) климаттын өзгөрүүсү жаатындагы долбоорлорго мониторинг жүргүзүү;
4) климаттын өзгөрүүсү проблемалары боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга көмөктөшүү;
5) ЖКФ, башка климаттык, экологиялык фонддордон жана эл аралык уюмдардан каржылануучу программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
6) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө коомдун кабардар болуусун жана маалымдуулугун жогорулатууга катышуу.
4-глава. Климаттык борбордун функциялары
10. Климаттык борбордун функциялары:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЖКФте, эл аралык уюмдарда жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдө Кыргыз Республикасынын климаттык каржылоо боюнча кызыкчылыктарын билдирет;
2) төмөнкүлөргө катышат:
- климаттын өзгөрүүсү проблемалары боюнча улуттук стратегиялык документтерди иштеп чыгууга;
- Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча долбоорлорду, “жашыл” экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлорун каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө сунушталган жана ишке ашырылган долбоорлорго, “жашыл” экономика жана көмүртек рыногунун долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө;
- климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө сунушталган жана ишке ашырылган долбоорлордун экспертизаларын жүргүзүүгө;
- ЖКФтен жана эл аралык уюмдардан каржылануучу климаттын өзгөрүүсү жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга;
3) Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан климаттык долбоорлор жөнүндө маалыматтар базасын жүргүзөт;
4) ЖКФтен каржылануучу долбоорлордун мониторингин жана жыйынтыктарын верификациялоо процессин финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу менен уюштурат;
5) ЖКФ, башка эл аралык климаттык, экологиялык фонддор жана аккредитацияланган эл аралык финансылык институттар, уюмдар жана мекемелер менен долбоордук сунуштарды жана программаларды иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенет;
6) төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:
- Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана мекемелерине ЖКФте, башка эл аралык климаттык жана экологиялык фонддордо аккредитациялоодон өтүүгө;
- айыл чарбасында, ирригацияда, гидроэнергетикада, энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында климаттын өзгөрүшүнө таасир этүүгө жана адаптациялоого инвестицияларды тартууда, транспортто, саламаттык сактоодо, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда, жерди туруктуу пайдаланууда, жерди пайдалануудагы жана токой чарбасындагы өзгөрүүлөрдө энергия натыйжалуу жана төмөн көмүртектүү технологияларды илгерилетүүдө;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн адаптациялык механизмдерин ишке ашыруу жана кыйла натыйжалуу өз алдынча башкаруу, агроэкосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин сактоо аркылуу жергиликтүү калктын табигый ресурстардан көз каранды болушун жана биотүрдүүлүккө келтирилген коркунучтарды төмөндөтүү үчүн каражаттарды издөөдө жана тартууда;
7) төмөнкүлөргө каражаттарды издейт жана тартат:
- жер пайдалануунун атаандашкан түрлөрүнөн табигый ресурстарга оорчулукту кыскартууга, жерлерди туруктуу башкаруу боюнча адаптациялык инструменттерди колдонуу боюнча потенциалды өстүрүүгө, айыл чарба жерлеринде талаа коргоочу, эрозияга каршы бактарды тигүү комплексин калыбына келтирүүгө;
- токой ресурстарына оорчулукту кыскартууга жана токой экосистемасынын кызмат көрсөтүүлөр комплексинин туруктуулугун камсыздоого, дарыялардан суу топтоонун аянтын калыбына келтирүү жана сактоо, аймактардын суу режимин жакшыртуу максатында токойду калыбына келтирүүгө жана токой өстүрүүгө дем берүүгө;
- адаптациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, глобалдуу, региондук, улуттук жана локалдуу экологиялык проблемаларды чечүү үчүн;
8) Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында “жашыл” экономика жана көмүртек рыногу долбоорлору, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө консультацияларды, кеңешмелерди жана эл алдында өткөрүлүүчү иш-чараларды уюштурат;
9) климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча билимди калк арасында жайылтууну жана анын маалымдуулугун жогорулатууну, маалымат менен алмашууну жүзөгө ашырат жана координациялайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Климаттык борбордун укуктары жана милдеттенмелери
11. Климаттык борбордун укуктары:
1) Климаттык борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык иштеши үчүн ар түрдүү формаларда ар кандай улуттук, чет өлкөлүк жана эл аралык булактардан финансылык ресурстарды тартат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Климаттык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
3) Климаттык борбордун компетенциясына тиешелүү маселелерди кароодо зарыл болгон аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын эл аралык укук менен шайкеш келтирүүгө катышат;
5) конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, презентацияларды, социологиялык изилдөөлөрдү уюштурат жана өткөрөт, эл аралык маалымат алмашууга катышат;
6) Климаттык борбордун максаттарына ылайык кадрларды окутууну, тажрыйба алмашууну, стажировкаларды, тематикасы боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурат;
7) климаттык долбоорлорду жана программаларды, анын ичинде Париж макулдашуусунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн алкагында “жашыл” экономика жана көмүртек рыногу долбоорлорун талкуулоо, илгерилетүү жана ишке ашыруу үчүн донорлор, инвесторлор, жарандык коомдун өкүлдөрү, жеке сектор менен эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды демилгелейт жана өткөрөт;
8) климаттык долбоорлорду жана программаларды илимий-техникалык экспертизалоо үчүн мамлекеттик органдардын адистерин тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырат;
10) климаттык жана экологиялык долбоорлорду даярдоо маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Климаттык борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ишин аткарууга милдеттүү.
6-глава. Климаттык борбордун ишин уюштуруу
13. Климаттык борбордун ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону директор жүзөгө ашырат.
14. Климаттык борбордун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. Климаттык борбордун директорунун бир орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары Климаттык борбордун директоруна түздөн-түз баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде ишти уюштурат. Климаттык борбордун директору жок учурда анын функцияларын ээлөө убактысы жөнүндө жазуу жүзүндөгү буйрукка ылайык директордун орун басары аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Климаттык борбордун директору:
1) ККБнын Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүү боюнча алкактык конвенциясынын катчылыгы (БУУ КӨАК) жана ЖКФ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана эл аралык финансы институттары жана климаттын өзгөрүүсү боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча уюмдар менен оперативдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Климаттык борбордун бардык кызматкерлеринин аткаруусу милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
3) Климаттык борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттенмелерин белгилейт;
4) эл аралык финансылык институттар жана ЖКФда аккредиттелген уюмдар менен Климаттык борбордун кызматкерлерин тандап алуу жана алар менен контракт түзүүнү макулдашат;
5) Климаттык борбордун кызматкерлерин тандап алат жана алар менен контракттарды түзөт;
6) Климаттык борбордун ишин жетектейт жана Климаттык борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылат;
8) Климаттык борбордун атынан ишеним катсыз аракеттенет, анын кызыкчылыктарын ЖКФда, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, эл аралык финансы институттарында жана уюмдарда билдирет, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен Климаттык каржылоо борборунун түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Климаттык борбордун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
17. Климаттык борбордун директору, анын орун басары жана кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелбейт жана контракттык негизде эл аралык финансылык институттардын жана ЖКФда аккредиттелген уюмдардын эсебинен күтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Климаттык борбордун мүлкү
18. Климаттык борбор өзүнүн ишинин максаттарына, менчик ээсинин милдеттерине жана мүлктүн арналышына ылайык мамлекеттик мүлктү пайдаланууга укуктуу.
19. Климаттык борборду каржылоонун булактары болуп гранттык каражаттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелер саналат.
20. Мекеме алган кирешелер, ошондой эле жеке каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк Климаттык борборго менчик укугунда таандык болот.
8-глава. Климаттык борбордун отчеттуулугу
21. Климаттык борбор өзүнүн ишин бекитилген иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына отчет берет.
22. Климаттык борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык, бухгалтердик жана өзүнүн ишинин натыйжаларынын статистикалык эсебин жүргүзөт.
9-глава. Корутунду жоболор
23. Климаттык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчет берет.
24. Климаттык борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Климаттык борбордун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.