Редакцияот 06.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 6-декабры № 759-т

 

Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, патенттин негизинде салыкты төлөөдөн башка салык режимине акырындык менен өтүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

- 2024-жылдын 1-январынан тартып 1-июлуна чейинки мезгилде контролдук-кассалык машинаны, электрондук эсеп-фактураны жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча базарларда, кичи базарларда жана стратегиялык объекттерге таандык базарларда иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттерине карата контролдук сатып алууну жана рейддик салык контролун жүргүзүүнү токтотуп турсун;

- ишкердик субъекттеринин арасында патенттин негизинде салыкты төлөөдөн башка салык режимдерине өтүүнүн тартиби жөнүндө толук масштабдуу түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;

- патенттин негизинде салыкты төлөөдөн башка салык режимдерине өтүүдө ишкердик субъекттерине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн;

- ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров