Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-декабрындагы № 6
Жеке менчик сатып алган жерге тиешлүү документтин жасоого уруксат берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылындагы К.Маматов мурдагы (Кавказ)көчөсүндөгү эски китепканын ордун 2003-жылдын 05-марттында Ленин айыл өкмөтүнүн №51- буйругу менен аукциондун негизинде жана Ленин айылдык кеңешинин 2004-жылдын 21-майдагы кезексиз чакырылган XIII-сессиясынын чечиминин негизинде Ленин айылынын тургуну маркум Тойчубеков Жумаш сатып алган 918,0 кв.м жер аянттын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчикке алуу кабыл алуу жөнүндө жалпы жер маселелер боюнча түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралып, берилген сунушунун негизинде Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айылындагы К.Маматов мурдагы (Кавказ) көчөсүндөгү эски китепканын орду маркум Тойчубеков Жумаш сатып алган 918,0 кв. м жер аянттына тиешелүү документ алуу үчүн жубайы Тойчубекова Улкыздын жазган арызынын негизинде тиешелүү документ жасатууга уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |