Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2021-жылдын 5-мартындагы № 4

“Жоон-Күнгөй айылынын жарандарынын арызы жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы, Курманбек айылдык кенешинин төрагасы Ч.Тайгараевге жазган кириш № Кол-118 сандуу 05.03.2021-жылдагы кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

 

1. Жоон-Күнгөй айылына караштуу № 719-контурдагы бардык жер тилкеси “Көк-Бөрү” ат майданына берилсин.

2. № 719-контурдагы турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алган жарандарга башка контурдан турак жай салууга чек бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына жана жер боюнча адиске милдетттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ч.Тайгараев